«Манас» бажысынын кызматкерлери тарабынан 13 миллион сомго аба кемелеринин декларацияланбаганы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын жай айларында «Исламабад — Бишкек» каттамы боюнча «А.М.Э» ЖЧКсынын дарегине AVRO-146 жана RJ-85 эки аба кемеси келгени аныкталган. Алардын баасы 12 миллион 971 миң 063,27 сом болгон.
Ошондой эле товарлар келген учурдан баштап кандайдыр бир бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес.
Учурда тергөө жүрүп жатат.