Биз менен байланышыңыз

Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды

Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 296 | 0

Акылбек Жапаров саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сөгүш жарыялоого Башкы прокуратуранын сунушу негиз болгон.

Айта кетсек, башкы көзөмөл орган 6-апрелде Алымкадыр Бейшеналиевге таластыктар тууралуу айткан сөзү үчүн эскертүү берген. Андан тышкары Исманкуловдун клиникасында сүйлөгөн сөзү, күч органдарына карата айтканы боюнча тартиптик чара көрүүнү Министрлер кабинетине сунуштаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Азаттыкка» берген маегинде Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтык этикасын кароону Башкы прокуратура эки жолу сунуштаганын, ал боюнча жакын арада чечим кабыл алынарын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM