Биз менен байланышыңыз

Кезек күткөн айдоочулар: Күнүнө 1 км жылып жатабыз (сүрөт, видео)

Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 335 | 0

Бүгүн, 18-апрелде кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 400гө чукул жүк ташуучу унаанын айдоочусу Казакстанга кире албай турат. Бул тууралуу айдоочулар айтып беришти.

Алардын арасында 3-4 суткадан ашык күтүп жаткандар, ошондой эле жаңы эле келгендер да бар.

Айдоочулардын бири Оштон келген. Алардын кезеги күнүнө бир чакырымдан жылууда. Айдоочуларга казак тараптан текшерүү катуу болуп жатканы айтылган.

«Азыр орозо маалы, баарыбыз орозобуз, шарт жок, дүкөндөр жок. Бирок кайрымдуу адамдар бар экен, ошолорго рахмат, эки жолу тамак таратышты. Биздин маселебизди Тышкы иштер министрлиги чечип берсе жакшы болот эле. Айрымдарыбыздын товарлары, мөмө-жемиштери чирип баратат. Жүктүн ээлери да чалып жатышат. Өтө ыңгайсыз болууда. Мындай абал дүйнө жүзү боюнча эч жерде жок», — деди айдоочулардын бири.

УКМКнын Чек ара кызматынын рамсий маалыматы боюнча, бүгүн саат 11:00гө карата «Ак-Тилек-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагында 300гө жакын жүк ташуучу унаа чек арадан өтүү үчүн кезекте турат.

Мындан тышкары 25ке жакын унаа документтериндеги айрым жагдайлардан улам кармалууда.

Ал эми «Чалдыбар-автожол» өткөрүү пунктунда 70тен ашык жүк ташуучу унаа топтолгон.

Чек ара кызматы билдиргендей, жогорудагы өткөрүү пункттарында жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышы казак тараптын документтерди жайыраак текшерип жатканына байланыштуу болууда.

Ошол эле маалда казактар унаалардын өтүүсүн бир тараптуу токтотууда. Мисалы, бүгүн, 18-апрелде таңкы саат 3:30дан 7:30га чейин Казакстанга жүк ташуучу унаа киргизилген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM