Биз менен байланышыңыз

Ак үйдүн жаңы имаратын кайсы компания курары айтылды

Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 901 | 0

Ак үйдүн жаңы имаратын ата мекендик TS Group компаниясы салып жатат. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Ал эми жаңы имаратка алмаштырыла турган 16 гектар жер тилкеси боюнча кошумча экспертиза жүргүзүлүп, комиссиялык баа берилери кабарланды.

Эгер 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт.

Белгилей кетсек, 16 гектар жер тилкесине шаардын азыркы планына ылайык келген, заманбап талаптарга жооп берген көп тармактуу чоң комплекс түшөрү буга чейин айтылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM