Биз менен байланышыңыз

Бишкектен курал-жарак жана баңгизат катылган жай табылды

Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 159 | 0

Бишкек шаарынан курал-жарак жана баңгизат катылган жай табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Бишкектеги курулуш таштандысынын арасына 10-апрелге караган түнү белгисиз адамдар бир баштык катып кетишкени тууралуу кабарлама түшкөн.

Бул факт маалыматтарды каттоо журналына тиркелип, жогоруда айтылган жайга текшерүү жүргүзүлгөндө, бетон плитанын астынан ак баштык табылган. Анын ичинен 32 жана 12 мм калибрдеги 2 кесилген мылтык, 11 металл гильза, 3 граната жана болжол менен 3 кг салмактагы гашиш нашаасы табылган.

Учурда бул нерселерди каткан адамдарды иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Курал-жарак, баңгизатка экспертиза дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM