Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасында 300гө жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат

Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 371 | 0

Бүгүн, 18-апрелде саат 11:00гө карата «Ак-Тилек-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагында 300гө жакын жүк ташуучу унаа чек арадан өтүү үчүн кезекте турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Мындан тышкары 25ке жакын унаа документтериндеги айрым жагдайлардан улам кармалууда.

Ал эми «Чалдыбар-автожол» өткөрүү пунктунда 70тен ашык жүк ташуучу унаа топтолгон.

Чек ара кызматы билдиргендей, жогорудагы өткөрүү пункттарында жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышы казак тараптын документтерди жайыраак текшерип жатканына байланыштуу болууда.

Ошол эле маалда казактар унаалардын өтүүсүн бир тараптуу токтотууда. Мисалы, бүгүн, 18-апрелде таңкы саат 3:30дан 7:30га чейин Казакстанга жүк ташуучу унаа киргизилген эмес.

Кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын топтолгону катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM