Биз менен байланышыңыз

«Кара тизме»: Орусиядагы элчилик шылуундарга алданып калбоону эскертти

Кыска кабар | 18 Апр 2022 | 477 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги акыркы күндөрү ортомчулук кылуу шылтоосу менен алдап кеткендер көбөйүп жатканын айтып, шылуундарга алданып калбоону эскертти. Маалымат Телеграмдагы «Кыргыз мигрант KG» каналына жарыяланды.

«Кыргызстандын паспортторун жана айдоочулук күбөлүктөрүн алууда ортомчулук кызматын көрсөткөндөр жана «кара тизмеден чыгууга жардам берем» деген алдамчылар көбөйдү. Мындан улам Кыргызстандын РФтеги элчилиги кыргыз жарандарын ортомчулардын кызматын пайдаланбоого чакырды», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кызмат алууда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине же консулдук мекемелерге жеке кайрылууга чакырык жасалды.

Орусиянын Кылмыш-жаза кодекси боюнча алдамчылар 2 жылдан 5 жылга чейин, документ жасагандар 2 жылдан 3 жылга чейин эркиндигинен ажырайт.

Copyright © 2017 Maral FM