Бүгүн, 17-апрелде Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын актрисасы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Айтаажы Шабданова 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Айтаажы Шабданова 1946-жылы 16-июнда Ош облусунун Араван районунда туулган. 1980-жылы Островский атындагы Ташкент театр институнун музыкалык драма артисти факультетин аяктаган.
Эмгек жолун кыргыз жана өзбек маданиятын, театр искусствосун өнүктүрүүгө арнаган Шабданова өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин театрда иштеп келген.
Анын кыргыз, өзбек, казак, тажик, азарбайжан, уйгур тилдеринде аткарган ырлары, аткраган образдары азырка чейин көрөрмандардын көз алдында.
Бабур театрынын сахнасында Курманжан Датка (С.Раев. «Канышанын көз жашы»), Биби Ханум (Ж.Садыков «Бабур»), Толгонай (Ч.Айтматов «Саманчынын жолу»), Адалат (С.Абдулла «Адалат») сындуу бир катар образдары аткарган.
Айтаажы Шабданованын кыргыз жана өзбек маданиятын, театр искусствосунун өнүгүшүнө кошкон эмгеги өз баасын алып, 1975-жылы Кыргыз Республикасында эмгек сиңирген артисти, 1980-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти, 1999-жылы «Даңк» ордени менен сыйланган.