Connect with us

Кыргызстанда сугат жерлердин 75%ы аба ырайынан көз каранды

Кыска кабар | 17 Апр 2022 | 325 | 0

Кыргызстанда 1.2 млн гектар айдоо аянты бар. Сугат суу анын 260 гектарына суу сактагычтардан берилет. Калган 75%ы аба ырайынан көз каранды. Бул тууралуу «Маралга» Суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Сокеев билдирди.

Сокеев, быйыл кыш кургакчыл болсо да, суу тартыштыгы жаралбасына ишеним артып, ага бир катар факторду мисал келтирди.

Кыргызстанда 1.2 млн гектар айдоо аянты бар. Учурда аны 6 миң гектарга көбөйтүү пландаштырылып жатат.

«Март айында жаан-чачын көп болду. Муну менен жердин нымдуулугу нормада сакталды. Ар кайсы аймакта ар кандай, бирок абал жаман эмес. Көп райондо нымдуулук жакшы. Ноябрь айынан тарта даярдык иштери башталган. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарына суу бериле баштады. Чүй, Талас, Ысык-Көлдө сугат жапырт баштала элек. «Суу тартыш болбойт» деп, 100% кепилдик бере албайбыз. Ал климатка да байланыштуу, бирок аракет көрүлүп жатат. Кыргызстанда 1.2 млн гектар айдоо аянты бар. Анын 260 гектарына суу сактагычтардан берилет. Бул — ушул жерлерге сууну толук кандуу бере алабыз дегендик. Калган 75%ын аба ырайына жана сууга карап, цикл деп коюшат. Суу тартыш болуп калат. Ным болот, же кайра көбөйүп, азайып турат. Мисалы, былтыр абдан оор болгон. Жердин нымдуулугу да аз болгон. Жүз миллиметрден ашкан жок. Жаан-чачын да болгон жок. Буга байланыштуу кышы менен ным топтоо иштери жүргүзүлүп, даярдык көрүлдү. Былтыркыдай болбойт. Бирок дарыяларда дефицит бар» — деп билдирди Сокеев.

Учурда айыл чарба министрлиги тарабынан сугат суу дефицитин жоюу үчүн суу сактагычтарды куруу, каналдарды тазалоо жүрүп жатат. Ал эми ички чарбада болсо, дагы да каналдарын тазалоо зарылчылыгы бар.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM