Биз менен байланышыңыз

ЕЭК: 35 миң тонна ак кант ташып келүүгө Кыргызстанга кошумча квота берилди

Кыска кабар | 17 Апр 2022 | 429 | 0

Кыргызстанга ЕАЭБ алкагында 35 миң тонна ак кант жана чийки камыш кантты алымсыз ташып келүүгө кошумча квота берилет. Бул маанилүү чечим Москвада 15-апрелде өткөн Евразия Экономикалык Комиссиясынын кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

Эми Кыргызстан ЕАЭБге мүчө эмес өлкөлөрдөн 35 миң тонна ак кант жана чийки камыш кантты импорттой алат.

Андан соң Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусияга жеке колдонуу үчүн товарларды бажы алымдарын жана салыктарын төлөбөстөн ташып келүүнүн наркынын ченемдерин 1000 еврого чейин жана салмак нормаларын 31 кг чейин жогорулатты. Кеп коштолгон жана (же) коштолбогон багажды, аба жолунан башка транспорттун бардык түрлөрү, же жөө ташып келүү тартиби жөнүндө болуп жатат. Буга чейин жеке колдонуу үчүн товарларды ташып келүүдө алымсыз босого 500 еврону жана 25 кг түзгөн.

Белгилей кетсек, алымдарды баштапкы абалына келтирүү фармацевтикалык продукцияга, текстиль өнөр жайын колдонуу үчүн зарыл болгон товарларга, үрөнгө, жер семирткичтерге, электр жабдууларына, кагаздын жана картондун айрым түрлөрүнө жана башка буюмдарга өз таасирин тийгизет.

Аталган жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев төрагалык кылды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM