Биз менен байланышыңыз

Алимбаев Лейлек районунун эли менен жолугушту

Кыска кабар | 16 Апр 2022 | 208 | 0

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин эл менен жолугушуусу Лейлек районунда жыйынтыкталды. Жолугушууга жалпысынан 300дөн тургун катышып, чек ара, сугат суу, Баткен облусуна берилген өзгөчө статуска тиешелүү, айыл чарба, саламаттыкты сактоо жана башка тармактын орчундуу көйгөйлөрүн көтөрүштү.

Жергиликтүү тургундар айрым жетекчилердин ишмердүүлүгү боюнча сын айтышып, тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранышты.

Алимбаев мекеме-ишканалардын жетекчилерине кайрылып, эл менен бийликтин ортосунда ишеним болуу керектигин айтып, калк менен тыгыз иш алып барууну тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM