Биз менен байланышыңыз

УКМК: 62 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 16 Апр 2022 | 441 | 0

Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Бишкек машина куруучу заводу” ААКсына таандык жалпы аянты 62 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылып, 82 миллион сом зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышты уюштурууга прокуратура органдарынын, Сокулук районунун мамлекеттик каттоо кызматынын жана “Бишкектеги машина куруучу заводу” ААКсынын кызмат адамдарынын түздөн-түз катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн кылмыш иштин алкагында Башкы прокуратуранын кызматкери, ишкананын кызматкери жана эки жаран кармалган.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM