Биз менен байланышыңыз

Президент: Жаңы конуштарга мектеп курууга 1,5 млрд сом бөлдүк

Кыска кабар | 16 Апр 2022 | 447 | 0
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы жаңы конуштар мектеп менен толук камсыз боло тургандыгын, ага 1,5 миллиард сом акча бөлүнгөндүгүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Анын айтымында, тендер аркылуу мектеп курууда миллиарддаган акчалар желип кеткен.

«Тендер деген балекет 10 жылдан бери иштеп келе жаткан. Ага жамынып алышып, буга чейинки салынган мектептердин бир квадратын 820 доллардан салып келишкен экен. Мен адистерди чогултуп алып, өзүм эсептеп чыктым. Бүгүнкү күндө бир квадрат метрин 650 доллардан салса деле курулушчу пайда табат экен. Ошол себептен мэрди дагы ал чогулушка катыштырып, 650 доллардан ашпаган баада салып, 15-сентябрда 15 мектеп 1 бала бакчанын ачылышын кылабыз деп планга киргиздик. Бул мектептердин салынышы жеке менин көзөмөлүмдө турат» , — деди ал.

Ошондой эле ал тендерлерди жоюу боюнча мыйзамга кол койгондугун, жалпысынан 10 миллион 200 миң доллар үнөмдөлүп жатканын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM