Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кыргызстанда беш бейтап өтө оор абалда

Кыска кабар | 16 Апр 2022 | 413 | 0

Кыргызстанда 16-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле учурда илдеттен эки жаран айыкты.

Бүгүнкү күндө ооруканада коронавирустан 46 бейтап, үй шартында 44 адам дарыланууда.

46 бейтаптын ичинен 31инин абалы орто оор, 10у оор жана бешөө өтө оор абалда деп бааланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 980 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 308 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM