Биз менен байланышыңыз

Абдувапов: Биринчи кварталда 10 млрд 204 млн сом салык чогултулду

Кыска кабар | 16 Апр 2022 | 274 | 0

15-апрелде Мамлекеттик салык кызматы 1-кварталдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов белгилегендей, ушул жылдын 1-кварталында салык боюнча план 1 млрд 125,9 млн сомго ашыгы менен аткарылып, мамлекеттик бюджетке 36 млрд 383,6 млн сом жыйналган. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 млрд 640,5 млн сомго көп.

«Салыктар боюнча планды ашыгы менен аткаруу салыктык башкарууну жакшыртуу жана жаңы санариптик чечимдерди киргизүү боюнча көрүлгөн чаралардын аркасында мүмкүн болду. Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча да көрсөткүчтөр жакшы болду, мында 10 млрд 204,9 млн сом чогултулуп, 404,9 млн сомго ашыкча жыйналды. 2021-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 1 млрд 425,1 млн сомго көп чогултулду«, – деди Абдувапов.

Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын айтымында, быйылкы жылга Салык кызматынын алдына 155,6 млрд сом салыктарды жана 41,7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча чоң тапшырма коюлган.

Коллегиялык жүрүшүндө Абдувапов кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле кылган салык органдарынын башчыларына жумуштан бошотууга чейинки катуу чаралар көрүлүп, зарыл болгон учурда тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилээрин эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM