Connect with us

540 грамм алтынды алып өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын 4 жараны кармалды

Кыска кабар | 16 Апр 2022 | 627 | 0

Кыргызстан аркылуу 540 граммды түзгөн алтын буюмдарды алып бараткан Өзбекстандын төрт жараны «Ош» эл аралык аэрапортунан кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Ош» аэропортунан Өзбекстандын жараны  Д.С.У., A.Б.M., А.Ч.А. жана Ш.М.К.нын жүгүн рентген аркылуу текшергенде сары металлдан жасалган зер буюмдар табылган.

Ош-Стамбул багыты боюнча учууга аракет кылган жарандар буюмдарды ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен алып өтүүгө аракет кылган. Тагыраагы, кара жана түстүү металлдардын калдыктары жана сыныктарын экспортоо же импортоо чектөө киргизилген.

Товардын жалпы салмагы 540 граммды түзөт.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилмекчи.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM