Биз менен байланышыңыз

74 мамлекеттик кызматкер квалификациясын жогорулатуу боюнча окуп жатат

Кыска кабар | 16 Апр 2022 | 244 | 0

Министрлердин орун басарлары жана административдик ведомство жетекчилеринин орун басарлары квалификациясын жогорулатуу боюнча окуудан өтүшүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Окууга бардыгы болуп 74 мамлекеттик кызматкер катышууда.  Аларага «Мыйзам долбоорун даярдоо, сунуштоо жана коргоо», «Ишкердик мамлекеттик тил», «Эл алдында сүйлөө жана бетачарды сунуштоо көндүмдөрү», «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу», жана «Мамлекеттик кызматкердин этикасы» деген темаларда тренингдер өткөрүлүүдө.

Окуунун жыйынтыгында мамлекеттик кызматкерлер мыйзам долбоорлорун даярдоо жана коргоо, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу, эл алдында чыгып сүйлөө боюнча зарыл билимдерди алышат.

Лекторлордун арасында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев, Ченем жаратуу жана мыйзамдуулук институтунун директору Аязбек Жаркынбаев, Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Баялы Досалиевдер бар.

Алдыдагы лекцияларга коомдук ишмерлер Медеткан Шеримкулов жана Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, академик Чолпонкул Арабаев чакырылган.

Учурда райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөт башчыларын Infodocs электрондук документ жүгүртүү системасына окутууга даярдыктар көрүлүүдө.

Жалпысынан квалификацияны жогорулатууга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бардык категориялары, анын ичинде Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери тартылат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүү зарылдыгы боюнча сунушту Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров киргизген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM