Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Элге жакшы иш жасасаң да, жаман иш жасасаң да жакпайсың

Кыска кабар | 16 Апр 2022 | 6157 | 0

Президент Садыр Жапаров ар бир жасаган иши, кабыл алган чечимдери жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына багытталып жатканын «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаң да, жаман иш жасасаң да жакпайсың. Ошол үчүн мурдакылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу. «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна салынып жаткан ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап-тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик», — деди ал.

Ошондой эле ал элге тынчсызданууга негиз жок экенин айткан.

1984-жылы курулуп,  2007-жылдан тартып колдонулбай калган «Ысык-Көл» мейманканасы бузулуп, ордуна Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Ага кечээ президент Садыр Жапаров капсула салды.

Коомчулукта тарыхый имараттарынын бири болгон «Ысык-Көл» мейманканасынын бузулушуна нааразы пикирлер айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM