Биз менен байланышыңыз

Masdar компаниясы Кыргызстанга кубаттуулугу 200 МВт күн станцияларын курууга даяр

Кыска кабар | 16 Апр 2022 | 267 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бириккен Араб Эмиратынан келген Masdar компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Анда Төрөбаев өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы туурасында айтып, энергиянын жаңылануучу булактары боюнча долбоорлорду өнүктүрүүнүн артыкчылыгын белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууга чакырды.

Энергиянын жаңылануучу булактары жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү тармагындагы дүйнөлүк лидер катары таанылган Masdar компаниясынын өкүлдөрү алгачкы этапта кубаттуулугу 200 мегаватт күн станцияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдиришти.

Ошондой эле келечектеги кызматташуу маселелери талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM