Биз менен байланышыңыз

Жапаров кыргыз-тажик чек ара тилкесин тактоо жай жүрүп жатканын билдирди

Кыска кабар | 16 Апр 2022 | 194 | 0

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасынын 664 километри такталып бүтүп,  308 километри калгандыгын «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 километр чек ара тилкеси бар. Анын 664 километри тилкесин такташып бүттүк, дагы 308 километри калды. Албетте иштер тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак жакшы болмок. Бирок менин көз карашымда иштер жай жүрүп жатат. Себеби бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды. Эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз» — деди ал.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров кызматтык мөөнөтү бүткөнгө чейин чек ара маселесин чечип берүү ниети бар экенин билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжал 12-апрелде Лейлек районунун Достук айылында орун алып, тажикстандык чек арачылар Кыргызстан тарапка ок чыгарып, 30 мүнөттөй атышып турушкан. Андан Чек ара кызматынын 2 аскери жарадар болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM