Биз менен байланышыңыз

Жапаров Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды

Кыска кабар | 16 Апр 2022 | 123 | 0

Президент Садыр Жапаров 15-апрелде Президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

Садыр Жапаров курулуш иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшүнүн маанилүүлүгүн, бул имарат кылымдарды карытып, азыркыга эле эмес, кийинки муунга да кызмат кылышы керектигин белгиледи.

Ал буга чейин бул жерде курулган «Ысык-Көл» мейманканасы жайгашканын, анын имараты жараксыз абалга келгенин эске салды. Ушуга байланыштуу бул жерде жаңы имараттын курулушун баштоо чечими кабыл алынганын айтты.

Жаңы салынып жаткан имараттын аянты 21 миң чарчы метрди түзөт.

Ошол эле жерде Садыр Жапаровго келечекте долбоор боюнча Президенттик Администрациянын имаратынын маңдайында жайгаша турган административдик комплекстин концепциясы көрсөтүлдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM