Кыргыз-түрк «Достук» ооруканасы Бишкек мэриясынын карамагына өткөнүн муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Оорукана 2017-жылы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) каржылоосу менен салынып бүткөрүлгөн. Бирок башкаруу боюнча келишим ратификацияланбай, аны ачуу токтотулуп турган. 2020-жылы пандемияга байланыштуу убактылуу ачылган.
2021-жылдын 10-февралында Түркия башкаруу келишимин ратификациялап, андан соң оорукана толук иштей баштаган. Келишимге ылайык, оорукананы Кыргызстан менен Түркия 3 жыл чогуу башкармак. Бирок 2022-жылдын февраль айында Түркия бийлиги башкарууну Кыргызстанга толук өткөрүп берип, жетекчилигине Осмонали Масалиев дайындалган.
72 адамга эсептелген ооруканада зарыл болгон бардык заманбап шарт түзүлгөн.