Биз менен байланышыңыз

Алимбаев Кадамжай районунун эли менен жолугушту

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 476 | 0

Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн, 15-апрелде Кадамжай районунун эли менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту.

Жыйынга облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана 300дөн ашуун тургун катышты.

Анда негизинен жер, таза суу, сугат суу, айыл өкмөттөрдүн иши, адам укуктары, ошондой эле социалдык-экономикалык багыттагы, жайыт жана айыл чарба тармагындагы көйгөйлүү маселелер айтылды.

Мындан сырткары облус башчысына орчундуу маселелер кат жүзүндө да берилди.

Жыйындын жүрүшүндө облус башчысы Абдикарим Алимбаев облустук деңгээлдеги маселелерди ыкчам чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө аймактагы жарандар менен жолугушууларды өткөрүү тапшырмасын берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM