14-15-апрелде Ош шаардык жана облустук ички иштер бөлүмүнүн 100 кызматкери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган «Кыргызтест» сынагынан өтүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бул өнөктүк Ички иштер министрлигинин «Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө» тескемесинин алкагында жүргүзүлгөн.
Тескеменин негизинде аймактардагы милиция кызматкерлеринин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзө алуу деңгээлин, сабатын арттыруу боюнча семинарлар уюштурулуп жатат.
Андан тышкары ар бир ички иштер кызматкерине «Кыргызтесттен» өтүү милдеттендирилген.