Биз менен байланышыңыз

«Камбар-Ата-1» ГЭСин Өзбекстан менен чогуу куруу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 1180 | 0

«Камбар-Ата-1» ГЭСин Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте курушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

Жыйында депутат Мейкинбек Абдалиев министрдин орун басарынан «Камбар-Ата-1» ГЭСин Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте курушу мүмкүн» деген сөздүн канчалык чындыгы бар экенин сурады.

Айталиев жумушчу топ түзүлүп иш башталганын, 3 жума мурда Өзбекстандын премьер-министри Ош шаарына келип, ал маселе талкууланганын билдирди.

«Биргеликте ишке ашырсак деген көз караш бар. Азыр маалымат алмашып, өз ара изилдеп жаткан кезибиз. Пландар бар», – деди ал.

Депутат ГЭСти Өзбекстан менен биргеликте куруу бул Кыргызстан үчүн канчалык коопсуз экенине кызыгып, «Милдеттенмелер боюнча келечекте көйгөйлөр жаралбайбы?» — деген суроо салды.

«Бүгүнкү күндө конкреттүү бир көрүнүш жок. Коңшу мамлекет болгондон кийин чогуу иштешебиз. Азыр токтом Министрлер кабинетине киргизилди, кол коюлса, биз өзүбүз ГЭСтин курулушун баштай беребиз. Баштагандан кийин инвесторлор кызыгып, биргеликте иш алпарабыз дешсе, алар менен чогуу иштешүүгө даярбыз», – деди Айталиев.

«Камбар-Ата-1» ГЭСин Өзбекстан менен биргелешип куруу маселеси коомчулукта ача пикирди жаратып келет. Аны колдогондор да, каршы чыккандар да бар. Каршы болгондор «Камбар-Ата-1» стратегиялык объект болгондуктан, аны коңшу мамлекет менен бирге курууга болбойт деп эсептейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM