Эртең, 16-апрелде карата өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28;
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22;
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +26…+28 градус болот.