Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы: Сарпашовдун тушунда «Тазалыктан» миллиондогон акча «желген»

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 505 | 0

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын митинги боюнча Бишкек шаарынын мэриясы билдирүү таратты.

«Тазалыктын» бир топ кызматкер-жумушчусу 15-апрелде мурдагы жетекчиси Рыспек Сарпашовду кайра дайындоо талабын коюшкан.

Мэрия берген маалыматка таянып айтсак, 2019-2020-жылдар аралыгында, тагыраагы, Рыспек Сарпашов жетектеп турганда «Тазалыкта» ири мыйзам бузуулар болгону аныкталган.

Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында, абоненттер менен иштөөдө 7 млн 339 миң 300 сомдук зыян келтирилгени белгилүү болгон. Ошондой эле бекитилген сметада каралбаган тейлөө кызматкерлерине кошумча төлөмдөр боюнча 42 млн 321 миң 900 сомдук мыйзам бузуу аныкталган.

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдын талаптары бузулгандыктан дал келбеген сумма 35 млн 348 миң 300 сомду түзгөн.

Мындан тышкары мэриянын ички аудит башкармалыгы тарабынан «Тазалыктын» 2019-2020-жылдар аралыгындагы каржылык-чарбалык ишине аудит жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 54 млн 882 миң сомдук мыйзам бузуулар аныкталган.

Анын ичинде:

-25 млн 793 миң 900 сом — келишимдерди негизсиз түзүү, жасалма өткөрүлгөн конкурс, аванстык төлөмдөр жана башкалар;

— 15 млн 707 миң сом — муниципалдык заказдын эсебинен негизсиз сый акы төлөө;

— 6 млн 101 миң 800 сом — күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгаруу;

— 4 млн 558 миң 400 сом — негизсиз орнотулган жана иштен чыгарылган тетиктер;

— 1 млн 227 миң 900 сом — товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги;

— 455 миң сом — каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу.

Бул текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча материалдар чара көрүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Борбор калаанын мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин милдетин аткарууга жана чагымга алдырбоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM