Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы дүйнөлүк рейтингде 45-орунга көтөрүлдү. Бул маалымат Futsal World Ranking сайтына жарыяланды.
Дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан курамасы 1049 упай топтогон. Айта кетсек, Кыргызстан Азия футзал рейтингинде 10-орунда турат.
Бул рейтингдин алдыңкы ондугуна Бразилия, Испания, Португалия, Аргентина, Орусия, Иран, Казакстан, Парагвай, Италия, Хорватия кирген.
Эске салсак, 10-12-апрель күндөрү Бишкекте футзал боюнча Азия Кубогуна Борбордук жана Түштүк курама зонасынан тандап алуу оюндары өткөн. Жыйынтыгында Кыргызстан өз тайпасында 3-орун алып, 5-сентябрдан 20-октябрга чейин Кувейтте өтө турган Азия Кубогуна катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган.