Биз менен байланышыңыз

Айталиев: Энергетика тармагына элдин ишенимин кайтарууга аракет кылуудабыз

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 288 | 0

Энергетика министрлигин кайра жандандыруу эң туура чечим болду деп эсептейм. Азыр жалпы мекендештерибиздин ишенимин кайтарууга аракет жасап жатабыз. Мындай пикирин Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында билдирди.

«Мурда бизге өндүрүш тармагын жана жер казынасын да кошуп коюшкан болчу, өткөн жылдын ноябрь айынан баштап жалгыз энергетика тармагы боюнча иштеп жатабыз. Ошол убакыттан бери реформаларга, оптималдаштырууга жана сууну үнөмдөөгө бардык» , — деди Айталиев.

Ошондой эле ал энергетика тармагындагы коррупциялык системалар боюнча Башкы прокуратура органы иш алып барып жатканын белгилеп, комментарий берүүдөн баш тартты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM