Биз менен байланышыңыз

Салттуу музыка жумалыгы жана эл аралык бий конгресси өтөт

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 525 | 0

20-апрелден 25-апрелге чейин Салттуу музыка жумалыгы, IX эл аралык музыка жана бий конгресси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жумалыкта салттуу музыкалык искусствонун окуу жайларда окутулушу боюнча илимий-практикалык конференция, эл аралык музыка жана бий конгресси болот.

Андан тышкары «Күү күнү», «Ыр күнү», «Дастан күнү» өткөрүлөт. Бул күндөрдүн алкагында КР эл артисти, төкмө акын, дастанчы, обончу Замирбек Үсөнбаев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, комузчу-күүчү Саадабай Шабданов чеберчилик сабактарды көрсөтөт.

Ошондой эле Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры «Коркут ата» спектаклин коёт. Аны менен бирге музыкалык окуу жайлардын отчёттук, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын манасчы, дастанчы, акындарынын айтуучулук багыт боюнча концерттери, «Улут наркы» көргөзмө-жарманкеси уюштурулат.

Иш-чара 25-апрелде «Салттуу музыка күнүндө» гала-концерт менен жыйынтыкталат.

Жумалыкка Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Алтай жана Тывадан өкүлдөр келет. Ал эми Венгрия, Италия, Улуу Британия, Индия, Бангладеш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү илимий конгресске онлайн катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM