Биз менен байланышыңыз

Айталиев: Чакан ГЭС курууга 136 күбөлүк берилди

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 228 | 0

Учурда Энергетика министрлиги энергиянын кайра жаралуу реестерине киргизүү боюнча 136 күбөлүк берди. Алардын ичинен 6 компания курулуш иштерин туруктуу жүргүзүп жатат. Бул тууралуу министрдин орун басары Тилек Айталиев «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында билдирди.

Чакан ГЭС куруу боюнча Министрлер кабинети план түзгөн. Ага ылайык, быйыл 50 долбоорду ишке ашыруу керек.

Жыйында депутат Алишер Козуев чакан ГЭСке өзгөчө көңүл бурууга чакырып, ата мекендик ишкерлерди колдоо зарылдыгын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM