Биз менен байланышыңыз

«Тазалык» ишканасынын жетекчиси алмашты

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 238 | 0

Бишкек мэриясынын алдындагы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси алмашты. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев 15-апрелде митингге чыккан жумушчуларга билдирди.

«Тазалыкка» жаңы директор болуп Султан Алыбаев келди.

Вице-мэрдин айтымында, жаңы жетекчи кечээ кечинде дайындалган. Ырсалиев Алыбаевге жумушчу-кызматкерлерге кысым көрсөтпөөнү, демалыш күндөрү иштегендер үчүн акы төлөө маселесин чечүүнү тапшырды.

«Бюджетиңер 514 млн сом деп бекитилген. Карап чыгып, кайсы жерден үнөмдөсө болорун аныктап, кызматкерлерге акы төлөнсүн», — деди Ырсалиев.

Вице-мэр «Тазалыктын» жетекчиси Азат Сагыновдун үстүнөн арыз көп түшкөндүктөн кызматынан алынганын, аны менен кошо орун басары Болот Одуракаев да иштен бошотулганын айтты.

Азат Сагынов бул кызматка 2021-жылдын декабрында дайындалган. Бишкек мэриясы анын кызматка келгенин расмий жарыялаган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM