Биз менен байланышыңыз

Тарых музейинде Жусуп Абдрахманов тууралуу тасманын бет ачары өтөт

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 236 | 0

Бүгүн, 15-апрелде Бишкектеги Кыргыз улуттук тарых музейинде «Жусуп Абдрахманов — кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү» аттуу тарыхый-даректүү тасманын бетачары өтөт.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тасманын сценарийин КР илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушев жазып, режиссёр Мырзабек Айдаралиев тарткан.

Тасмада биринчи жолу тарыхый документтердин негизинде Абдрахмановдун ата-теги, бир туугандары, орус-тузем мектебинде окуган учурлары чагылдырылган. Анда белгилүү саясатчылар, тарыхчылар жана коомдук ишмерлер Абдрахманов жөнүндө өздөрүнүн ой-пикирлерин да билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM