Жайкы туристтик сезондун алдында Тышкы иштер министрлиги 18 өлкөнүн жарандары үчүн Кыргызстанга туристтик визаларды алуунун жеңилдетилген жол-жобосу иштелип чыкканын маалымдады.
ТИМден билдиришкендей, визаларды алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби чет элдик туристтерди тартууга жагымдуу шарт түзүү жана өлкөдө туризмди өнүктүрүү максатында ишке ашырылган.
Бул тизмеге төмөндөгү мамлекеттер кирет:
- Индия
- Бангладеш
- Пакистан
- Шри-Ланка
- Алжир
- Египет
- Иордания
- Ливан
- Марокко
- Непал
- Тунис
Ошондой эле төмөндөгү мамлекеттердин жарандары Кыргызстандын туристтик категориядагы визасын Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке арызынын негизинде жана түздөн-түз Кыргызстанга келгенден кийин жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат. Тышкы иштер министрлигинин «Манас» эл аралык аэропортундагы визалык кеңсесинен төмөндөгү өлкөлөрдүн жарандары келгенден кийин түз кайрылса болот:
- Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ)
- Сауд Аравиясы
- Бруней
- Кувейт
- Катар
- Оман
- Бахрейн