Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Тазалыктын» жумушчулары митингге чыгышты

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 318 | 0

Бүгүн, 15-апрелде Бишкекте «Тазалык» муниципалдык мекемесинин жумушчулары ишке чыккан жок. Алар ишкананын алдына топтолуп, азыркы жетекчиге нааразылык билдиришти.

Мындан башка да бир топ талаптарды, мисалы, жетекчи көп алмашып, ишти билбеген кадрлар келип жатканын айтышты.

Алардын айтымында, мекеменин профсоюз уюму төлөмдөрдү кармап калат. Ден соолугу начар жумушчуга дарылануу үчүн жолдомо берилиши керек эле, бирок ал да берилбей келет.

Топтолгондор профсоюздун өкүлүн, башкы инженерди чакырууну жана техникалар боюнча да маселени чечүүнү талап кылышты.

Башкы инженердин айтымында, «Тазалык» ишканасында жалпы 171 техника бар, анын баары иштейт. Бирок жумушчулар техниканын көбү иштебей турганын айтышты.

Муну менен катар жумушчулар жекшемби күнү иштегени үчүн акы төлөнбөй жатканына да нааразылык билдиришти.

Иш таштагандар Бишкек шаарынын мэринин келишин талап кылышты. Бирок вице-мэр Жамалбек Ырсалиев келди. Ырсалиев бардык маселе мыйзам менен чечилиши керектигин айтып, алардын ишке чыгуусун өтүндү.

Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы «Тазалык» ишканасын Азат Сагынов жетектейт. Ал мурдагы мэр Айбек Жунушалиев тарабынан дайындалган.

«Тазалыкчылардын» айтымында, жетекчи ишин жакшы түшүнбөйт. Ал жетектегенден бери ишкананын карызы көбөйгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM