Connect with us

Айталиев: Кыргызстандын энергетика тармагында абал туруктуу

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 176 | 0

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Түркмөнстандан быйыл да электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу министрдин орун басары Тилек Айталиев «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандын энергетика тармагында абал туруктуу. Системалык өчүрүүлөр жок.

Ошондой эле ал өлкө боюнча ремонт иштери башталганын, оңдоо күндүз жүргүзүлүп жатканын, калкка ыңгайсыздык жаратпаганын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаровдун өткөн жылдын 27-28-июнда Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар келишимдер түзүлгөнү айтылган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-августунан тарта Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясы берилип келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM