Биз менен байланышыңыз

УКМК: Таластын тургуну 8 жылдан кийин «Йакын инкар» уюмунан чыкты

Кыска кабар | 15 Апр 2022 | 275 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургунун радикалдык көз караштан баш тартууга жана тыюу салынган «Йакын инкар» кыймылынан чыгууга көндүрүштү.

Бул тууралуу Атайын кызматтан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Т.К.Ч. аттуу жаран 2014-жылы «Йакын Инкар» диний экстремисттик уюмуна кирип, активдүү түрдө тыюу салынган адабияттарды үгүттөп жана таратып жүргөн.

УКМК ал жаран тандап алган диний багытын жаңылыш экенин моюнга алганын билдирди. Ал башка жарандарды да тыюу салынган уюмдардын кайрылууларына алданбоого чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM