Биз менен байланышыңыз

1-майдан 9-майга чейин эс алуу күн деп жарыяланды

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 3940 | 0

Бүгүн, 14-апрелде Министрлер кабинетинин кеңешмеси өтүп, анын жүрүшүндө жыйырмадан ашуун маселе каралды. Алардын катарында май айындагы эс алуу күндөрү да белгиленди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров май айындагы эс алуу күндөрү боюнча берилген сунуштун долбоорун жактырды.

Ага ылайык, беш күндүк график менен иштеген мекемелердин кызматкерлери 1-майдан 9-майга чейин эс ала турган болушту. Ортодогу иш күн деп эсептелген 4-май (шаршемби) 30-апрелге (ишемби), 6-май (жума) 14-майга (ишемби) жылдырылды. Ал эми 1-май майрамы жекшембиге туш келгендиктен, ал күндүн ордуна 3-май (шейшемби) демалыш катары кабыл алынды.

Айта кетсек, өлкөдө 1-май — Эмгек күнү, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү катары майрамдалат. Ошол эле учурда бул жылдагы Орозо айт майрамы 2-майга туш келери маалымдалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM