Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Балбандардын Азия чемпионатына баруусуна акча бөлүндү

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 347 | 0

Монголияда өтө турган Азия чемпионатына жана Бразилиядагы Сурдолимпиадалык оюндарга спортчулардын катышуусу үчүн 19 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Дене тарбия жана спорт башкармалыгына 2022-жылдын апрель айына 99,6 млн сом каралган. 14-апрелге карата 19 млн сом каржыланган. Департаменттин иш-чараларын кошкондо, мамлекеттик органдардын чыгымдарын каржылоонун белгиленген тартиби бар. Ага ылайык, негизги жана кошумча каржылоо жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламенттин 14-апрелдеги жыйынында кыргызстандык балбандар Монголияда өтө турган Азия чемпионатына акча жоктугунан улам бара албай жатышканын айткан.

Анын маалыматы боюнча Финансы министрлиги тиешелүү акчаны которбой, фонд ачып, элден акча топтоп барууну сунуштаган.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан күрөштүн үч түрүнөн 21 балбан барары буга чейин кабарланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM