Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда айыл өкмөттөр 7 млн сомдук грант утуп алышты

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 242 | 0

Жалал-Абад облусунун айыл өкмөттөрү 7 млн сомдук грант утуп алышты. Бул тууралуу Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу союзунан кабарлашты.

«Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу» долбоорунун алкагында 2022-жылга Жалал-Абад облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында чакан гранттарды алууга конкурс жарыяланган.

Конкурска айыл өкмөттөрдө жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу боюнча долбоорлор жазылган. Гранттык комиссиянын жыйынтыгы чыгарылып, 21 айыл өкмөт жеңүүчү болуп табылды.

Жалпы 7 млн сомдук чакан гранттын сертификаттары тапшырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM