Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 193 | 0

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

15-апрелден 17-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 198-223, 246-чакырымдарына (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-50, 65-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүшү ыктымал.

Айрым жерлерде жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM