Биз менен байланышыңыз

Жапаров Өзбекстандын министри менен жолугушту

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 351 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары, инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушту.

Анда ал өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча коюлган тапшырманы аткаруу үчүн биргелешкен ишканаларды, мал чарба кластерлерин, логистикалык борборлорду, чектеш аймакта эркин экономикалык аймакты (өнөр жай) түзүүнү сунуштады.

Жапаров кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун ишинин алкагында кыргыз тарап алгачкы этапта Кызыл-Кыя шаарында чектеш соода боюнча соода-логистикалык борборун куруу, аталган борборду «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» мультимодалдык транспорттук коридор менен бириктирүүчү «Эркештам — Дароот-Коргон — Үч-Коргон» унаа жолун куруу сыяктуу артыкчылыктуу долбоорлорду сунуштоодо.

Өзбекстан инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков билдиргендей, Өзбекстан эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө ынтызар. Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун иши да ийгиликтүү болоруна ишеним бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долборун ишке ашыруу маселеси да талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM