Биз менен байланышыңыз

Акматбек: Чек ара маселесин чечүүдө эл аралык инструменттерди колдонуу керек (видео)

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 399 | 0

Чек ара маселесинде биз улуттук кызыкчылыкты коргоо үчүн бардык эл аралык инструменттерди колдонушубуз керек. Мындай пикирин көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек Бишкек шаарында өткөн чек арадагы акыркы окуяларга байланыштуу Тажик бийлигине каршы митингде билдирди.

«Бир нерсени унутпоо керек, биз толук кандуу эгемен өлкөбүз. Биздин өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбыз бар. Биз Тажикстан менен бир чөлкөмдө ырааттуу, тынч жашоого кызыкдарбыз. Биздин тажик эли менен чатагыбыз жок. Тажикстандын элинин да биз менен чатагы жок. Биз коңшу өлкө болгондон кийин базарыбыз да, мазарыбыз да бир. Алардын ал жердеги каалаганы чек арага жакын жашаган элди башка аймактарга көчүп кетүүгө мажбур кылуу болуп жатат. Ошол эле учурда биз бул маселени көтөрбөшүбүз керек дегенди токтотушубуз керек. Мен такыр түшүнбөйм, эмне үчүн бул маселени ЖККУда, ШКУда жана башка КМШнын аянтчаларында көтөрбөйбүз. Быйыл да окуя кайра кайталанып жатат, бир жыл өтсө да эч нерсе өзгөргөн жок. Эгерде жогоруда санап өткөн аянтчаларда көтөрө албай турган болсок, анда башка эл аралык аянтчаларда көтөрүшүбүз керек. Биз ачык айтып, «агрессордун» жүзүн дүйнөгө көрсөтүшүбүз керек. Кийин кеч болуп калат», — деди Акматбек.

Ошондой эле ал бул маселелерди жарандык коом көтөрө ала турганын айтып, бирок бийлик бут тоспошу керектигин белгиледи.

«Биз ким болбосун, баары менен тынчтыкта жашоого кызыкдарбыз, бирок чагым уюштурса, анда биз өзүбүздүн аймакты коргоо үчүн бардык эл аралык инструменттерди колдонушубуз керек. Биз эң оболу маселени айтып чыгуудан тартынбайлы. Эл аралык коомчулукка айтып чыгалы, бизде жарандык коом жана сөз эркиндиги бар», — деди Акмактбек.

Мындан сырткары ал жарандык коом менен бийлик бул маселелерди чечүүдө бирге, чогуу аракет кылышы керектигин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM