Connect with us

Сот 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салды

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 412 | 0

Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин имаратынын, Орусия элчилигинин жанында, «Ала-Тоо» аянтында, президенттик администрациянын жана УКМКнын имаратынын алдында нааразылык акцияларды жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салды.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, чектөөлөр 13-апрелден 1-сентябрга чейин болот.

Акцияларды Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Горький аянтында өткөрүүгө уруксат берилди.

Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясы митингдер өтүүчү жайларды убактылуу чектөө өтүнүчү менен райондук сотко кайрылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM