Connect with us

Дөөлөт Сыдыков: «Манас айылынын» жерин басып алуу аракети болууда

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 341 | 0

Манасчы Дөөлөт Сыдыков бир нече айдан бери Бишкектеги «Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин жерине кызыккан топ пайда болгонун айтып чыкты.

Ал топ «Манастын айылын» кайра куруу жана руханий борборго айлантуу иштерине тоскоол кылып жатканын билдирди.

«Манастын айылы «Ысык- Көл» мейманканасына чектеш болгондуктан учурда мейманкананы бузуп, кайра куруп жаткан компания Манас айылынын жерин ээлеп алуу максатында тосмолорду бузуп, мыйзамсыз иш-аракеттерди баштады. 12-апрелде түштөн кийин Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Баатырканов Тилек менен жолугуп, эскиздик долбоорду көрсөтүп, «Манас айылын» кайра курууну жана тарыхый жердин Манаска гана калышы керектигин айттым. Бирок, ишти тетири кылып, жумуш убактысынан кийин «Манас айылынын» тосмосун буздура баштады», — деп билдирген манасчы.

Бишкек шаарындагы «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексин калыбына келтирүү тууралуу маселе 2019-жылы да көтөрүлгөн.

1998-жылы комплекс Бишкек шаарынын мэриясынын балансынан «Бишкек» Эркин экономикалык аймагына өткөрүлүп берилген. Андан бери «Манас айылына» көп деле көңүл бурулбай келген.

Комплексти куруу иштери 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата башталган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM