Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк Саламаттыкты сактоо министрлигине 30 «Нива» берди

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 991 | 0

Дүйнөлүк банк Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине 32 «Нива» берди. Аны тапшыруу салтанаты бүгүн, 14-апрелде Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында өттү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Дүйнөлүк банктын «COVID-19га чара көрүү» долбоорунун алкагында быйыл жалпы 69 унаа алынган. Алар тиешелүү мекемелерге бөлүштүрүлүп берилген.

Унааларга жалпы 1 млн 14 миң 300 доллар сарпталган. Бул «Нива» дары-дармек жеткирүү жана ПЧР-анализ үчүн биоматериал ташууга да колдонулат.

Айта кетсек, 2020-жылы ушул эле долбоордун алкагында өлкөгө 19 «Нива» тез жардам унаасы берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM