Биз менен байланышыңыз

Депутат: Тыныбекова менен Махмудовдун билетине акча бөлүнбөй жатат

Кыска кабар | 14 Апр 2022 | 712 | 0

Кыргызстандык балбандар Монголияда өтө турган Азия чемпионатына акча жоктугунан улам бара албай жатышат. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламенттин 14-апрелдеги жыйынында билдирди.

Анын маалыматы боюнча Финансы министрлиги тиешелүү акчаны которбой жатат. Министрлик фонд ачып, элден акча топтоп барууну сунуштаган.

«Кыргыз спортчуларынын эл аралык аренадагы ийгиликтери өлкөнүн, улуттун аброю. Кыргыз спортчулары дүйнөдө 5-орунга чыкты. Таланты, мээнети менен Кыргызстандын желегин көтөрүп жатышат. Бирок алар Монголияда өтө турган Азия биринчилигине катышуу үчүн кете албай жатышат. Акча маселеси бүгүн 11де чечилиши керек экен, чечилбей жатат. Айрыкча Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов — Олимпиаданын байге ээлери билетке акча таппай отурушат. Финансы министрлиги акча которбой жатат экен. Алар: «Фонд ачып эле элден акча топтоп баргыла», — деп айтышыптыр. Бул эмне деген мамиле?» — деди депутат.

Атазов акчаны тез арада бөлүүнү талап кылды.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан күрөштүн үч түрүнөн 21 балбан барары буга чейин кабарланган.

Кыргызстандык күрөшчүлөр Азия чемпионатына катышат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM