Биз менен байланышыңыз

Президент медициналык билим берүүнү реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 417 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде медициналык билим берүү системасын реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрүнүн жана Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен Ош мамлекеттик университетинин ректорлорунун катышуусундагы кеңешмеде окуу жайлардын медициналык адистерди даярдоону жакшыртуу маселеси каралды.

Президент Садыр Жапаров саламаттыкты сактоо, медицина тармактарын өнүктүрүүнүн негизги максаттарына жетүү үчүн болгон адамдык жана илимий потенциалды колдонуу маанилүү экендигин белгиледи.

«Биздин милдетибиз – өлкөнүн жарандарына кам көрүү. Ал эми биз медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана башка көптөгөн багыттар боюнча зарыл чараларды көрүшүбүз керек. Жогорку медициналык билим берүү системасы медициналык кадрларды даярдоодо сапаттуу бурулуш жасоого тийиш – бул профессордук-окутуучулук курамдын маанилүү миссиясы», — деди Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы бул реформаларды ишке ашырууда КММА менен ОшМУнун ректору жеке жоопкерчилик аларын өзгөчө белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча талкууларды эске алуу менен төмөнкү документтерге — «Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө» президенттин Жарлыгына, ошондой эле И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Улуттук онкология жана гематология борборунун жана Республикалык диагностикалык борбордун имаратынын өтүшүн караган Министрлер кабинетинин тескемесине кол коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM