Биз менен байланышыңыз

Чек ара чыры: Өндүрүш Токтонасыров пикетке чыкты

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 347 | 0
Сүрөт социалдык тармактан алынды

Бүгүн, 13-апрелде жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чырга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдына митингге чыкты.

Ал Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чырды чечүүдө БУУ көмөктөшүүсү керектигин айтууда.

12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында кайрадан курал колдонулган жаңжал чыкты. Саат 21:17 чамасында эки тараптын жетекчилиги сүйлөшүп жаткан учурда тажикстандык чек арачылар Кыргызстан тарапка ок чыгарып, 30 мүнөттөй атышып турушкан. Андан Чек ара кызматынын 2 аскери жарадар болгон.

Тараптардын сүйлөшүүлөрү 13-апрелде да уланды. Учурда чек арада абал туруктуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM