Биз менен байланышыңыз

Муфтият ажылык сапарга ниет кылгандарды вакцина алууга чакырды

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 259 | 0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ажылыкка барууга камданып жаткандарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Муфтиятка Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрлиги быйылкы ажылык боюнча расмий билдирүү бере элек. Бирок Кыргызстан тарап айрым булактардын маалыматына таянуу менен эмдөө ала берүү чечимин кабыл алышты.

Айта кетсек, Сауд Арабиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Pfizer-BioNTech, Moderna, Oxford-Astrazeneca, Janssen вакциналарын өлкөсү үчүн жарактуу деп тапкан.

Быйылкы ажылыкка 2019-2020-жылдары электрондук каттоодон өтүп, бирок пандемияга байланыштуу сапары токтотулган жарандар барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM